Коом

Бишкектеги номер 22-бала бакчанын бөбөктөрдү тарбиялоонун өзгөчө ыкмасы


Бишкек шаарына караштуу Ленин районундагы номер 22чи бала бакчада наристелерди тарбиялоодо өзгөчө ыкма колдонулат. Ооба, бул жеке менчик эмес, кадимки мамлекеттик бала бакча. Бирок окутуу ыкмалары өзгөчө, ар бир методу кылдаттык менен ойлонулуп ишке ашырылган. Балдар биздин келечегибиз. Келечек ээлери болгон бөбөктөргө туура тарбия берип, билим берүүдө заманбап ыкмалардын колдонулушу суктанарлык көрүнүш. Мындай бала бакча борбор боюнча азырынча жалгыз. Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин демилгеси менен бул проект ишке ашып, акимчиликтин фонду тарабынан каржыланган.

Бала төрөлгөндөн жети жашка чейинки мезгил маанилүү мезгил. Дал ушул мезгилден тартып ой жүгүртүү, көңүл буруу, эс тутум, элестетүү, сүйлөө сыяктуу негизги сапаттары калыптанат. Балага билим берүүнүн кийинки баскычтарында өнүгүүсүнө шарт түзгөн эң маанилүү нейрондук байланыштары түзүлөт. Аталган бала бакчада ушул нерселерге өзгөчө көңүл бурулуп, басым жасалат. Бакчанын иши, окутуу программасы менен төмөнкү видео материалдан кененирээк маалымат алсаңыз болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button