Коом
Ооруканаларда пландалган операцияларды жасоо, бейтаптарды жаткыруу бүгүнчө токтотулду
Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.
Ал эми төрөт үйлөрүндө электр жылыткычтарды колдонууга өтүштү.
Ыкчам кызматтар, персонал баары иштеп жатат, амбулатордук дарыланууга келгендер кабыл алынууда. Бейтапканалар да ишин токтоткон жок.
Бишкекте 20 оорукана жана төрөт үйү бар, анын ичинен 11и республикалык, 9у шаардык деңгээлде.



