Коом

«Каракол» тоо-лыжа базасына алып барган жол тынымсыз тазаланууда

«Каракол» тоо-лыжа базасына алып барган жол кыш мезгилинде кар күрткүдөн үзгүлтүксүз тазаланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, туристтерге жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү, ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатында трассада жолдун жүрүүчү бөлүгү кардын катмарынан тазаланып, тайгалактыкты азайтуу үчүн инерттик материалдар себилүүдө. Бул иштерди «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №11 жол-эксплуатациялык ишкананын кызматкерлери аткарууда.

Ведомство эске салгандай, 2023-жылы «Каракол» тоо-лыжа базасына алып барган жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп, мунун негизинде кышкы мезгилде жолду үзгүлтүксүз кароо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Ошол эле учурда министрлик аба ырайы кескин начарлаган учурда жол, айрыкча көтөрүлүштөрдө жана ылдый түшүүлөрдө тайгалак болушу мүмкүн экенин эскертет. Айдоочуларды ылдамдык режимин сактоого, коопсуз аралыкты кармоого, мүмкүн болушунча кышкы дөңгөлөктөрдү жана тайгаланууга каршы чынжырларды колдонууга чакырат.

Транспорт министрлиги жолду тазалоо жана иштетүү иштери кыш бою туруктуу негизде улантыларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button