Коом

Кыргызстандын УКМК делегациясы “Шериктештик-Антитеррор-2025” терроризмге каршы машыгууларына катышты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2025-жылдын 23-24-октябрында КР УКМК делегациясы Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында өткөн Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча КМШнын Үчүнчү жылдык конференциясына, ошондой эле КМШнын биргелешкен «Шериктештик-Антитеррор-2025» терроризмге каршы машыгууларына катышты.

Иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин – Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын, ошондой эле Индиянын, Ирандын, Кытайдын жана Пакистандын компетенттүү органдарынын, КМШ органдарынын жумушчу түзүмдөрүнүн жана БУУнун, ШКУнун, ЕККУнун, ЖККУнун жана Интерполдун эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

КР УКМКнын делегациясы террористтик жана экстремисттик коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү улуттук тажрыйба, укуктук базаны реформалоо жана бул жааттагы иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди.

КР УКМК «Шериктештик-Антитеррор-2025» машыгуусунун биринчи этабына катышып, анын жүрүшүндө улуттук аймактарда маанилүү инфраструктуралык объектилерге жана көп сандаган адамдар чогулган жерлерге террористтик чабуулдарды пландаштырган жасалма террористтик топторду аныктоо жана кармоо боюнча тапшырмалар аткарылды.

Машыгуунун биринчи этабында 44 машыгуу ийгиликтүү аяктады, КМШнын жамааттык маалымат системаларында 250дөн ашык текшерүү жүргүзүлдү жана жасалма террористтер аныкталып, кармалды.

Машыгуунун акыркы этабы ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук» менен айкалышкан форматта өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button