Окуялар

«Оодарылып кеткен». Кочкордо жол кырсыкта айдоочу жүргүнчүсү менен аман калды

Нарын облусунда жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 20-августка караган түнү саат 03:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, тагыраагы Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Audi 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам (47 жаштагы Э.Н. аттуу аял жана 14 жаштагы Э.К. аттуу кыз) жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Учурда жабыркагандардын абалы орто.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button