Каныбек Досмамбетов жаш дарыгерлерге колдоо көрсөтүүнү убада кылды

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош мамлекеттик университетине барып, медициналык факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Ачык диалог форматында өткөн жолугушууда ал сапардын максаты клиниканын иши менен гана таанышуу эмес, келечектеги дарыгерлер менен түз баарлашып, алардын күткөн үмүт-тилектерин, кесиптик пландарын жана саламаттык сактоо системасындагы негизги көйгөйлөрдү талкуулоо экенин белгиледи.
Каныбек Досмамбетов белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагы терең реформалар баскычында турат. Бул реформалардын зарылдыгы мамлекет башчысынын деңгээлинде аныкталып, президент Садыр Жапаров тармакты башкаруудан жана каржылоодон тартып, медициналык кадрларды даярдоого чейин комплекстүү модернизациялоо милдетин койгон.
Министрликтин башчысынын милдетин аткаруучу тармактагы актуалдуу көйгөйлөрдү ачык айтты. Анын ичинде кадрлардын жетишсиздиги, эмгек акынын төмөн деңгээли жана буга чейин системанын өнүгүшүнө терс таасир тийгизген коррупциялык тобокелчиликтер бар экенин айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү негизги маселе — медицина кызматкерлерине татыктуу эмгек акы төлөө жана жаш адистердин өлкөдө калып, иштеп-өнүгүүсүнө шарт түзүү.
Студенттерге кайрылып, Каныбек Досмамбетов алардын улуттук медицинанын келечегиндеги ролу өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.
«Так силер биздин жарандарды дарылоого жана эртеңки саламаттык сактоо системасын калыптандырууга жооптуу болосуңар. Мамлекет силер үчүн шарттарды түзөт — эмгек акыны жогорулатуу, турак жай маселесин жакшыртуу, жаш адистерди колдоо жана заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу. Биз силерге ишенебиз жана келечегиңерди медицина менен, өз өлкөңөр менен байланыштырарыңа үмүт артабыз», — деп билдирди м.а.
Жолугушуунун соңунда министрдин милдетин аткаруучу студенттерди кесипке берилгендикти сактоого, үзгүлтүксүз өнүгүүгө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган реформаларга активдүү катышууга чакырды.



