Ат-Башыда 30 медициналык кызматкер жумуштан бошотулду

Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практика борборунда 400гө чукул кызматкер эмгектенип жатат. Бул кызматкерлердин санын кыскартуудан кийинки көрсөткүч.
Райондун айрым айылдарындагы медициналык кызматкер жумуштан бошоп калганына нааразы экендигин билдиришти.
Оорукана жетекчиси Илим Бейшеналиев штаттарды кыскартуу иши 3 жыл мурун эле жасалышы керектигин айтты.
«8-апрелден баштап Ат-Башы аймактык ооруканасы менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жоюлуп, жалпы дарыгерлер практика борбору деп уюштурулду. Биз мамлекеттик мекемелер мыйзам, токтомдордун негизинде иштейбиз. 2019-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан №5233 деген буйрук чыгыптыр. Ошого жараша нормативдер иштелип чыгып, штаттар кыскарышы керек экен. Андан бери ар кандай себептер менен кыскарбай келиптир. Кызматкерлер 2 жыл мурун бул иш болорун билишкен. Биздин күнөөбүз жок. Кыргызстан боюнча болуп жатат.
Район боюнча жалпы 30 штат кыскарды. Башка райондордо 5тен ашып кетсе, кыскартуу болот. Биздин райондо медайымдар ашыкча экен», — деди ал.



