Чүйдө Шамшы чакан ГЭСи ишке берилди

Чүй облусунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду курулушун каржылаган Шамшы чакан ГЭСи ишке берилди. Бул тууралуу фонд башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков кабарлады.
Былтыр октябрда башталган курулушка РКӨФ бир миллион доллар бөлгөн.
«Кубаттуулугу 1,7 мегаватт болгон жаңы станция жылына болжол менен 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул Чүй облусунун Чүй районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 12 пайызын жабат. Эксплуатацияга берилген бул объект — Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан электр энергиясын өндүрүү тармагында ишке ашырылып жаткан жалпы кубаттуулугу болжол менен 600 мегаваттты түзгөн, жылдык өндүрүшү 1,5 миллиард киловатт-сааттан ашкан 16 долбоордун бири. Бул Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого карай жасалган дагы бир кадам», — деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.




