Коом
Бишкек шаарында жайгашкан министрликтин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракеттенген жарандар кармалды
2023-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин биринде кезметте турган милиционер телефон аркылуу чалып, имараттын ичинде 3-4 (үч, төрт) чоочун адамдар жүргөнүн билдирген.
Ошол замат аталган мекемеге кармоо тобу жөнөтүлүп, алар тарабынан “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаасы токтотулуп, багажында жыйылып турган министрликке тиешелүү чугун батареяларын уурдап алып кетип жаткан жеринен төрт жаран 1973-жылы туулган Р.Г., 1991-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган Т.В., 1972-жылы туулган Ш.М. кармалып, Бишкек шаарынын №-5 ШМБнын ыкчам-иликтөө тобу чакырылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.







