Коом

Кочкордо инспектор айдоочуну сабап, ал ооруканадан каза болду деген окуя боюнча ЖКККББ үн катты

Билдирмеге ылайык, айдоочу эмес жүргүнчү көз жумган. Окуя 12-декабрда Кочкордун Жаңы-Жол айылында болгон. Анда Б.Т. аттуу айдоочу жана Т.Т. деген жүргүнчү Москвич унаасы менен рулду башкара албай арыкка кирип кеткен. Инспектор аларга жардам берейин деп барып мас экенин байкайт. Аны аныктоо үчүн наркологияга баралы дегенде берки экөө каршылык көрсөткөнү айтылат. Акыр аягы наркологиядан текшертип, спирт ичимдигин ичкендиги аныкталып, унаа айып короого токтотулган. Айдоочуга болсо тиешелүү протокол түзүлгөн. 

“Ал эми жүргүнчү жакшы эле абалда болуп, түнү Кочкор РИИБне  кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү үчүн арыз жазып үйүнө кеткен. Бул видео жаздырууда бар”, — деп жазылган маалыматта. 

Учурда факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, бардык материалдар УКМКга өткөрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button