Коом

Ошто зордуктоого шектелген адам экспертиза учурунда качып кетип кайра кармалды

Ички иштер министрлиги Ош шаарында экспертиза учурунда качып кеткен шектүү кармалганын билдирди.

“Буга чейин зордуктоого шектелген жаран соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан имараттан качып кеткени маалымдалган. Аталган факты боюнча дароо издөө иш-чаралары уюштурулуп, шектүү кармалды. Учурда ал кайрадан камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Министрлик шектүүнү коштоп жүргөн жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык текшерүү башталганын кошумчалады. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button