Коом

Жалал-Абадда 569 турак жай суу каптоо коркунучунда калды

Жалал-Абад облусунда 569 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Көк-Арт дарыясынын 10-коргоочу тосмосунун сол жээгинин 15 метр аралыгына жана Жалал-Абад шаарындагы Живпром тилкесиндеги 569 турак үйгө, 11 мекеме ишканага кооптуулук жаралды.

«Азыркы тапта жеринде облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү тарабынан дарыя жээгин бекемдөө жумуштары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Көк-Арт дарыясында секундасына 50 куб суу агууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button