Коом

Мурда адам өлтүрүп соттолгон, кийин каракчылык үчүн издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда издөөдө жүргөн, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары  турган  жаран Ч.Т.  Ош шаарынын аймагында, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашырынып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган  жаран   Өзгөн районунда 1982-жылы туулган Ч.Т.  ал өзүнүн  кылмыштуу  шериктештери болгон   1993-жылы туулган  К.Н.   жана  1996-жылы туулган С. уулу Б. менен биргеликте башка бирөөнү  карактап, мүлкүн  ээлеп алуу максатында, алдын ала макулдашышып,   адамдын колу-бутун байлоого керек болгон  скотч даярдап алышып,    Ош шаарында жашаган 1984-жылы туулган  М.А.  аттуу аялды,  жашап турган үйүнө  кирип бара жатканда,  аркасынан  кирип барышып, эки колун жана оозун   скотч менен байлашып, сумкасындагы 5000 (беш мин) АКШ долларын тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү К.Н. жана С.уулу Б. изи сууй электе кармалышып, негизги уюштуруучусу Ч.Т. издөөдө болгон.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренесинин 3-б 3-п (каракчылык) (эски кодекс) каралган кылмыштын белгилери менен Ош ШИИБне   катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө  кылмышка шектүү  Ч.Т.   мурдагы жасаган кылмышы үчүн жазасын өтөп жаткан жазасын толук өтөбөй,   Ош шаарында жайгашкан  жаза аткаруу мекемесинен дагы качып жүргөндүгү аныкталган. Ал үчүн дагы издөөдө жүргөн.  

Жогорудагы издөө иштеринин негизинде Т.Чнын жүргөн жерин тактоо үчүн   бир нече ай  ыкчам издөө иштери жүргүзүлгөн. Анын кармоо максатында Бишкек шаарына 2022-жылы январь айына иш сапар менен чыгып кармоо максатында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары  жүргүзүлгөн.  Бир нече ирет Ош шаарынан сырткары жерлерге дагы иш сапарлар уюштурулган.

2022-жылдын 2-февраль күнү Ош шаарында коп кабатту үйдө бекинип жүргөн жеринен кармалып, Ош  шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  

Шектүү Ч.Т. мурда бир нече ирет соттолгон. Алардын арасында мурда адам өлтүрүү жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу беренелери менен дагы соттолгон. Криминалдык идеологиянын жактоочусу, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда көп жылдан бери турат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кимде-ким бул жарандан жабыр тарткан болсо 03222-4-82-82 телефон аркылуу байланышып коюну суранат,- деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button