Коом
«Кыргызалтын» Талды-Булак кенин пайдаланууга уруксат алды

«Кыргызалтын» компаниясына Талас облусундагы Талды-Булак кенин пайдаланууга уруксат берилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Документке ылайык, компания 178,6 гектар аянттагы Талды-Булак алтын жана жез кенин иштете алат.
Ошондой эле 3315,4 гектар аймакта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Мындан тышкары, «Кыргызалтын» кенди иштетүүнү баштаганга чейин тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча мыйзамдын талаптарын аткарышы керек.
Адистердин баамында, Талды-Булак кенинде болжол менен 120 тонна алтын, 800 миң тоннадай жез, ошондой эле молибден бар.
Буга чейин лицензия маселелери боюнча комиссия «Талас Коппер Голд» компаниясынын төрт лицензиясын убактылуу токтоткон.



