Саясат

Президент Америкада Кыргызстандагы банктарга санкция салынганын сынга алды

Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Анын жүрүшүндө президент Кыргызстандагы 2 банкка санкция салынганын сынга алды.

«Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө. Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз. Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз. Мен дайыма айтып келгем жана дагы бир жолу кайталайм:

Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара беребиз. Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз! Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандарыбыз тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделген. Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз.

2024-жылы Европа бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бул көрүнүштү кантип атоо керек? Өзгөдөн бир нерсе талап кылаардан мурда өзүң башкаларга үлгү бол деген сөз.

Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы, өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Россия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз.

Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиард долларлык алтын сатабыз. Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу. Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз. Ошондуктан 2 банкыбызга салган санкцияларды алып салууну талап кылабыз», — деди президент.

Буга чейин Кыргызстандагы «Керемет банк» жана «Капитал банкка» Улуу Британия менен АКШ тарабынан санкция салынган.

Тектеш кабарлар

Back to top button