Коом
18-февралга карата аба ырайы

18-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1…-6, күндүз 6…11;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2…-7, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −4…+1, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2…-7, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн −10…-15, күндүз −2…+3.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −3…-5° суук, күндүз 8…10° жылуу болот.



