Коом

Үй шартында бала бакча ачуу жеңилдетилет

Үй шартында бала бакча ачуу жеңилдетилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанда 26 пайыз гана кенже курактагы балдар мектепке чейинки билим берүүгө тартылган. 2024-жылы бул 40 пайызга жогорулайт.

«Бала 7 жашка чейин баарын кабыл алат. Андыктан ата-эне ошол жаш куракка чейин баланы тарбиялап өстүрүүсү кажет. Бул багытта мамлекет да эске алып кийинки жылы үй шартында бала бакча ачам деген ата-энелерге жеңилдиктерди берди. «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу кайрылып, тийиштүү аныктамаларды чогултса бир айдын ичинде уруксат берилет. Эгерде бир айдан кийин жооп келбесе анда бала бакчаны ачып иштете берүүгө болот. Бирок баардык шарттар камтылыш керек», — деди министр.

Ошондой эле өлкө боюнча 560 бала бакча, кенже курактагы балдарды өнүктүрүү борборлору ачылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button