Окуялар

Токмокто 21 жаштагы мугалим окуучусун зордуктоого шектелип кармалды

Токмок шаарында мугалим окуучусун зордуктоого шектелип кармалганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Милицияга 10-апрелде Токмок шаарындагы орто мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кызды ошол эле мектепте физика сабагынын 21 жаштагы мугалими зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен иш козголгон. Шектүү кармалып, эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button