
«Биздин кызматтарга дагы суроолор бар. Мен бул жерден чоң саясатты көргөн жокмун», — деди Жапаров.
Ошону менен бирге министрлер кабинетинин башчысы ЕАЭБдин принциптери сакталбай жатканына тынчсызданды.
Жапаров россия тарапка Кыргызстанда Роспотребнадзордун лабораториясы бар соода-логистикалык борбор курууну сунуштаганын, анда товарлар сертификацияланарын билдирди.
«Аларга жакты. Түштөн кийин мен Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук менен сүйлөшөм«,— деди ал.



