ИИМ: Илимий-практикалык конференцияда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маанилүү сунуштар берилди

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугу коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, транспорттук инфраструктуранын натыйжалуу иши менен гана чектелбестен, башкы тапшырмалардын бири-жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо болуп саналган мамлекеттик маанидеги негизги маселелердин бири болуп саналат.

2025-жылдын 17-сентябрында Европа отелинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу: чакырыктар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.


Илимий-практикалык конференцияга ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары Айбек Джумагулов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, жеке компаниялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери катышты. Алар Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун учурдагы абалына баа берип, дүйнөлүк мыкты практикалар менен тажрыйба алмашышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар унаа жолдогу чакырыктар жана аларды чечүү боюнча сунуштар, ОСАГО-жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маханизми катары, Кыргыз Республикасында автотранспорт багытындагы адистерди даярдоону өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги, Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселелерге кенен токтолушуп, өздөрүнүн баяндамаларын окушту.

Анда, жол-транспорт кырсыктарынын себептерин кылдат изилдөө жана талдоо, аларды алдын алуу үчүн таасирдүү чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу ички иштер органдарынын гана эмес, башка түзүмдөрдүн жана уюмдардын да ишин камтыган комплекстүү мамилени талап кылынаары айтылды.
Андан сырткары, жол-транспорт кырсыктарына алып келүүчү себептер жана факторлор талкууланып, жарандардын аң-сезимин жогорулатуу жана аларды жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга тартуу, жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы жалпы максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Иш-чаранын катышуучулары жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштерде мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын айтышты.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберүү үчүн практикалык сунуштар иштелип чыкты.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте өткөрүлдү.



