Кыргызстанда жердин сейсмологиялык жаңы картасы түзүлөт
Кыргызстандын Илимдер академиясы сейсмологиялык аймактарды изилдеп, анын алкагында жаңы карта түзүлөт.
Бул үчүн каражат бөлүнгөнүн 30-январда Парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов норма жана эрежелерге ылайык өлкөдөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө туруштук бере аларына кызыкты. Иманакун уулу жердин кыртышына жараша 8-9 баллга чейин туруштук бере аларын белгиледи.
«Бул жердин кыртышына жараша болот. 8 баллдан 9 баллга чейин. Бизде сейсмологиялык карта бар. Мисалы, магистралдан жогору 8 балл деп көрсөтүлгөн. Ошого жараша атайын программанын алкагында конструкция кабыл алынгандан кийин гана курулуп баштайт. Сейсмологиялык аймактар дагы өзгөрүп турат экен. Азыр Илимдер академиясына акча бөлүнүп, жаңыдан изилдөө жүргүзүп жатат. Мисалы, мындан 5-10 жыл мурда 8 балл деп көрсөтүлсө, азыр 7 балл болуп калган, кээ бир жер 7 балл десе азыр 9 балл болуп калган. Бул механизм жердин астында жылып турат. Ушул жер 9 балл болду, өмүр бою ушундай калат деген туура эмес», — деди Иманакун уулу.



