Лейлекте мыйзамсыз чек араны бузуп кирип, жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды

Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 23-июль күнү таңкы саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согдий облусунун Худжант шаарынын тургуну 30 жаштагы Н.Ф. өзүнө таандык “Toyota Avensis Verso” үлгүсүндөгү унаасы менен мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик менен жалпы салмагы 700 кг болгон койдун эттерин Кыргызстандан алып чыгып жаткан учурда ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалды.

Кармалган учурда далил буюм катары алынган жүктөр аныкталып, Лейлек РИИБдин малыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш ишинин караштуулугу боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Кылмышка шектелип кармалган тажик жараны Н.Ф. убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короосуна киргизилди.



