Коом

Ички иштер министрлиги жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет

Республикабыздын бардык аймактарында милиция кызматкерлери “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрүүдө.

Бул иш-чаралар мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды жана ок-дарыларды алууга, ошону менен бирге курал-жарактардын жана ок-дарылардын сактоо шарттарын бузууларын аныктоого багытталган.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга акчалай сыйлоосу менен курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырууну эскертет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинде каралган “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” кылмышты жасагандыгы үчүн 60 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөөдөн 2 жыл 6 айга чейин кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

Ошондой эле, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган учурда жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, төмөнкү өлчөмдө акчалай сыйлоолор төлөнөт:

    1.        Автоматтык гранатометтор, анын ичинде чет өлкөлүк, өндүрүштөгү гранатометтор түнкү кароолу бар жана кол менен жасалгандар (снаряды жок) – 16 000 сом;

2.            Пулеметтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүш жана түнкү кароолу бар пулеметтор – 16 000 сом;

3.            АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у ж.б. тибиндеги автоматтар, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү түнкү кароолу бар автоматтар – 9 600;

4.            СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпер винтовкалары, анын ичинде снайпердик атуу үчүн ыңгайлаштырылган узун стволдуу сайлуу түрдөгүлөр – 9 600 сом;

5.            Аңчылык карабини, анын ичинде аңчылык сайлуу кездиктер жана согуштук куралдар – 6 400 сом;

6.            Аңчылык сайлуу эмес мылтыктар, анын ичинде кездиктер, алмаштырылуучу, салынма стволдор – 3 200 сом;

7.            Колго жасалган атуучу түзүлүш (ок атуучу үчүн арналган буюмдар) – 1 600 сом;

8.            Аскердик жарылгыч заттар (тротил, гексоген жана башка жарылуучу заттар, анын ичинде алардан жасалгандар) – 100 гр. үчүн 1 600 сом;

9.            Өндүрүштүк багыттагы жарылуучу зат (аммонит, угленит ж.б.) — 100 гр. үчүн 840 сом;

10.          Кол гранатасы (окуу гранаталарынан башкалар) – 3 200 сом;

11.          Сапердук миналар жана атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (окууда колдонулгандан башкалар) – 3 200 сом;

12.          Сайлуу курал-жарактардын ок-дарылары: 5,45; 7,62 жана андан чоң калибрдеги согуштук патрондор; 7,62 калибрдеги аңчылык патрондору – 1 даана үчүн 10 сом;

13.          Сайлуу эмес курал-жарактардын ок-дарылары – 1 даана үчүн 6 сом;

14.          Өзүн-өзү коргоо куралы, жаракат келтирүүчү октору бар курал, газ куралы – 3 200 сом;

15.          Пистолет же ок атуучу револьвер —    6 400 сом;

16.          Дары -100 гр. үчүн 100 сом.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button