Саясат

Ахунбай Кошоев: “Камчыбек Ташиев орой, кескин сүйлөйт, бирок жүрөгү таза, дилинде жакшы ою бар жигит”

Коомдук ишмер Ахунбай Кошоев Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин билдирип, ага карата ар кандай атайын саясий атаандаштарынын көрө албас пикирлерине катуу жооп берди.

-Азыр бир нерсе болсо эле Камчыбек Ташиевди тосмону аттап кеткенсиң деп, бетине кармап жатышат. Аны ким аттайт?  Митаам, бирөөнү  алып барып, кел тосмону аттайлык десе, ал эч убакта аттамак эмес. Камчыбек Ташиев болсо алабарман, кадимки  Манас атабыздын барбалаңдаган чоң жиндилиги көкүрөгүндө бар жигит. Ооба, кээде бир аз кемчиликтерди кетирип жатат, бирок эч нерсе болбойт, ошентип үйрөнөт. Чапаев да, Ленин да ошентип жаңылган. Ташиев болсо сөөмөйүңдү сындырам дептир го, Ленин болсо баарын атыш керек, күнөөсү барбы, жокпу асыш керек деген. Ташиевдин жүрөгү таза, дилинде жакшы ою бар. Болбосо минтип жаман көрүнбөй, Мадумаровго деле сен жакшысың деп алдап койсо болмок. Бирок  андай мүнөз Ташиевде жок.  Ал эч нерседен коркпогон, жигит катары «характери» бар «.  Кыргыздын мүнөзү ушундай. Орой, кескин сүйлөйт. Бирок жүрөгү таза болуп, түпкүлүгү түз болуп кетсе болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button