Коом

Кыргызстанда 9 ай ичинде бажы төлөмдөрү 102,1 млрд сомго жетти

Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында кеңейтилген ыкчам кеңешмеси болуп өттү.

МБКнын маалыматына караганда, 2025-жылдын үчүнчү кварталында бюджетке 38,1 млрд сом түшкөн, бул пландан 1,5 млрд сомго көп. Ошондой эле 9 ай ичиндеги жыйынтыгы менен бажы төлөмдөрү жалпы 102,1 млрд сомду түздү.

Үчүнчү кварталда бажы кызматкерлери 2423 мыйзам бузуу жана кылмыш фактыларын аныкташкан. Анын ичинде 2266 укук бузуулар боюнча иш козголгон, 157 материал тиешелүүү органдарга өткөрүлгөн. Ал эми 9 айдын ичинде бажы мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 6420 факт аныкталган. Бюджетке кошумча түшкөн каражаттын суммасы 796,1 млн сомду түздү.

Тектеш кабарлар

Back to top button