Коом

Коронавирус 93 кишиден табылып, эки бейтап каза болду. Статистика

Бир суткада өлкөдө 93 кишиден коронавирус табылып, 112 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 51;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 429га жетти. Анын ичинен 174 198 адам дартты жеңди.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирустан эки бейтап көз жумган. Жалпысынан оору 2 622 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 442, ал эми амбулатордук шартта 672 адам дарыланып жатканы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button