Коом

Мурда соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын ноябрь айында курма мөмө-жемишин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн 8 арыз менен кайрылган. Арызданган жарандарга жалпысынан 82 700 сомдук зыян келтирген

      Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

      Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 43 жаштагы тургуну А.К.  Аксы районунан кармалып келди.

      Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 43 жаштагы А.К. мурда да алдамчылык кылмышы менен сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду. 

       Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button