Коом

УКМК: Мыйзамсыз алып келинген «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү унаа аныкталды — ФОТО

КР УКМК тарабынан Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2023-жылдын 5-июнунан 6-июнуна караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Бул унаа жасалма номурлар менен болгон жана ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген. 

Унааны өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган Лейлек районунун тургуну, КР жараны А.Д.А. башкарып бара жаткан.

Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button