Коом
Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Ысык-Көлдө жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 12:50 чамасында Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынан Шакирт-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда «Гольф-2» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыкканадыгы маалымат келип түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүк тартылып, саат 13:03 дө чектөөгө алып, 13:13дө толук өчүрүлгөн.
Өрттөн жеңил унаа толук күйүп кеткен, жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдардын кыска чыңалуусунан чыккан.



