Коом

Өлкөдө мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандык киргизилбейт

Кыргызстанда мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандыктар эми киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Маалымат боюнча, документи жок малдын ээсине 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 500 сом айып пул салынат. Ветеринардык кызмат айдоочуларга кайрылып, коштомо документи жок мал ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын эскертти.

Маалым кат алуу үчүн кара малдын кулагына бирка, ал эми жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button