Коом

28-июнга карата аба ырайы

28-июнь, ишембиде, тоолуу райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37 градус, Таласта +30…+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +22…+27, Нарын аймагында +23…+28 градус ысык болот.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +34…+36 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button