Коом

Канадада мектептеги окуяда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Канаданын Тамблер-Ридж шаарындагы мектептеги ок атуудан каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, трагедиялуу окуянын кесепетинен 10 адам каза болуп, 27 адам жаракат алган.

«Учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Канаданын тиешелүү расмий органдарынан болгон окуя боюнча толук маалымат алуу багытында зарыл иштерди жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

ТИМ кырдаалга көз салууну улантууда. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button