Дүйнө

Камчаткада вулкандын күлү 7 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлдү

Камчатканын чыгыш тарабындагы Ключевской вулканы деңиз деңгээлинен 7 чакырым бийиктикке чейин күлү жетти. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Вулканология жана сейсмология институ билдирди.

Маалымат боюнча, күлдүн чаңы вулкандын жайгашкан жеринен түштүк-батыш тарапты көздөй 33 чакырымга чейин тараган. Вулкандагы активдүүлүк жергиликтүү жана эл аралык аба каттамдары үчүн коркунучтуу деп табылып, “кызгылт сары” авиациялык эскертүүсү жарыяланды.

Эске сала кетсек, 15-августта да Ключевской вулканы деңиз деңгээлинен 8 чакырым бийиктикке чейин күл чачып, күлдүн чаңы 521 чакырымга чейин чыгыш-түндүк-чыгыш багыты боюнча тараганы кабарланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button