Окуялар

Бишкекте милиция кызматкери кишини сабагандыгы тууралуу жаңы жагдай

Окуянын күбөсү эки мас киши кайгуулчуларга баш ийбей, каршылык көрсөткөнүн айткан. Видеодо дагы берки кишилердин бири кайгуул милиционерине өзү биринчи асылып, сөгүнгөнүн көрүүгө болот. 

Мындан улам милиционерлер аны жерге жаткырып, бири ага кол көтөргөн. Ошол учурда сары курткачан киши чуркап барып, мушташ башталган. Акыры эки киши тең кармалган. 

Милициянын кайгуул кызматы окуя 3-сентябрда болгонун маалымдады. Анда инспекторлор Ганди көчөсүнөн Nissan машинасын токтотушкан. Бирок айдоочусу токтобой, айланма жолго чейин качып кеткен. 

Май куйган жерде мас абалындагы айдоочу менен жанындагы жүргүнчүсү кайгуулчуларга орой мамиле жасап, каршылык көрсөткөнү айтылды. 

Айдоочуга мас абалында машина башкарганы үчүн протокол түзүлүп, жүргүнчү майда бейбаштык үчүн 3 суткага камакка алынган.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button