Чолпон-Атада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.
Иш-чара ордо калаадагы «Бишкек Аренада» салтанаттуу ачылып, ага бир катар өлкөнүн президенттери катышты. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган.
Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө — ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, «Газпром» спорт комплексинде, «Рух-ордодо», «Номад» борборунда өттү.
Кырчында уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү.
Оюндардын жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда өтүп, эстафета Россияга өттү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды.
Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, дрон шоу тартууланып, фейерверк менен соңуна чыкты.



