Коом

УКМК: Өз мекендештерин уурдап, акча талап кылган чет элдик жарандардын кылмыштуу тобу аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет элдик жарандардын мекендештеринен акча каражаттарын уурдоо жана опузалап алуу боюнча адистешкен кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Адамдардын тобу тарабынан адам уурдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 2024-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында Мамкомитеттин кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жаранды күч колдонуу жолу менен барымтага алып, ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган Түштүк-Чыгыш Азия жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Кармалган чет элдиктер камакка алынып, тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button