Коом

Тишин дарылатууга келип, чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмү боюнча соттун өкүм чыкты

Октябрь райондук соту төмөнкүдөй чечим чыгарды.

Стоматолог — 5 жыл 6 айга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты ээлөө укугунан ажыратылды.

Анестезиолог — 6 жылга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты ээлөө укугунан ажыратылды.

Стоматологдун жолдошу — 5 жылга.

Медакадемиянын медициналык борборунун ошол маалдагы директору — 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 3 жыл пробация менен бошотулду.

“Дентомакс” клиникасынын директору акталды.

Ошондой эле сот айыпталгандарды жабырлануучу тараптын пайдасына моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1,5 млн сом төлөттү.

Эске салсак, каргаша КММАнын медициналык борборунда жайгашкан “Дентомакс” жеке стоматологиялык клиникасында болгон. Дарыгерлер бөбөккө “Севоран” газын жыттатып туруп тишинин кариесин тазаламай болушкан. Тилекке каршы, ал жакка 11.40та кирген кыз кечки 18:30да чарчап калганын айтышкан. Дарыгерлер кыздын жүрөгү токтоп калганын билдирген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button