Коом

Коронавирус. 243 учур катталып, төрт бейтап көз жумду

Кыргызстанда 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 10.адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 617 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 961 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 893 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button