Коом
Быйыл дем берүүчү гранттарга бюджеттен 1,5 млрд. сом каралды
Быйыл дем берүүчү гранттарга бюджеттен 1,5 миллиард сом каралганын Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жылкыга 439 долбоор жактырылган.
Дем берүүчү грант — аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер ж.б. курулушу) ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча.



