Окуялар
Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттан өрт чыкты

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыкканы кабарланды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 11:14тө түшкөн. Окуя болгон жерге дароо төмөнкү өрт-куткаруу күчтөрү тартылды:
- Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты;
- Биринчи Май райондук №4 жана №8 бөлүмдөрүнөн — 2 күжүрмөн эсеп;
- Мындан тышкары, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан саат 11:35те 1 унаа, 2 офицер жана 1 дрон тартылган.
ӨКМ өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыян боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилерин маалымдады.



