Коом
Акыркы коңгуроодо окуучулардын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция камсыздайт

Акыркы коңгуроо салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды.
Эске салсак, мектептерде Акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.



