Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду 70% арзандатуу менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пул төлөөдө каралган жеңилдик тууралуу эскертүү таратты.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, айдоочуларга салынган айып пул белгиленген күндөн тартып 1 айдын ичинде төлөнсө, анын 70 пайызын гана төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Мындай жеңилдик жарандарга каражатты үнөмдөөгө жана айып пулдарды өз убагында төлөөгө өбөлгө түзөт.
ЖКККББ айдоочуларды өз убагында төлөм жүргүзүп, мыйзам бузбастан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Ошондой эле, айып пулдун суммасын «Төлөм» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө текшерип жана төлөөгө мүмкүн экендиги белгиленди.
“Эгер айдоочунун же унаанын атына катталган жалпы айып пулдун суммасы 3 миң сомдон ашса, унаа айып короо жайына токтотулат” — деп кошумчалады мекеме.
Бул ыкма жол эрежелеринин сакталышын камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик казынаны толтурууда жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.



