Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн, кырдаал көзөмөлдө

Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн, кырдаал көзөмөлдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада катталган Эбола вирусунан улам пайда болгон оорунун жайылышын эл аралык маанидеги коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал (PHEIC) деп жарыялаган.
ДССУнун жана эл аралык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын маалыматына ылайык, Ebola Bundibugyo вирусуна байланыштуу оорунун жайылышы тастыкталган учурлар жана өлүм учурлары менен коштолууда. Аймактагы өлкөлөрдүн бийлик органдары эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте байланышта болгон адамдарды аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, бейтаптарды обочолонтуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча комплекстүү эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө.
Эбола ысытмасы жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекциялардын катарына кирет. Оору жуккан адамдын же жаныбардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түз байланышта болгондо, ошондой эле булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба аркылуу жукпайт.
Оорунун белгилери төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
— дене табынын кескин жогорулашы;
— катуу алсыздык жана чарчоо;
— баш жана булчуң оорулары;
— тамак оорушу;
— жүрөк айлануу, кусуу, ич өткөк;
— ичтин оорушу;
— айрым учурларда геморрагиялык белгилер (кан кетүүлөр).
Кыргызстандын аймагында Эбола ысытмасынын учурлары катталган эмес. Өлкөгө инфекциянын алып келинүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда, бирок Саламаттык сактоо министрлиги биологиялык коркунучтарга каршы саламаттык сактоо тутумунун даярдыгын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.



