Коом
Министрлик:«Сапат» лицейинин мугалими дагы жети окуучуну сабаган

Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев депутаттарга билдирди.
Анын айтымында, соцтармакта жарыяланган видеодон кийин атайын комиссия түзүлүп, 24-25-январда иштеген. Ал убакта окуучуларга психологиялык тест жүргүзүлгөн.
“Натыйжада лицейде бир эле бала токмок жебестен, 10-класстын дагы 7 окуучусу жабыркагандыгы аныкталды. Бирөөсүнүн мурду канаган, экинчиси башы, жүрөгү айланып, денесинин оң тарабы ооруганын айткан. Мен баарын окубай эле коеюн, ошентип 7 окуучу ушул мугалим тарабынан сабалган”, — деди Касымалиев.
Эске салсак, лицейдин окуучуга кол көтөргөн мугалими менен тарбия иштери боюнча директорунун орун басары жумуштан алынган.



