Коом
Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын 4:0 эсеби менен жеңип алды

Кеп Тажикстандын Гиссар шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинкилердин арасындагы CAFA U-17 Women’s Championship мелдеши тууралуу болуп жатат.
Турнирге Кыргызстан,Тажикстан, Өзбекстан жана Ирандын футболчулары катышууда. Шарт боюнча командалар бири-бири менен ойноп чыгып, эң көп упай топтогону жеңүүчү болот.
Биздин футболчулардын кийинки атаандашы Өзбекстандын командасы.



