Коом

Бишкекте 3 жашар баланы сүзгөн адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Борбор калаада 3 жаштагы баланы унаа сүзүп кеткенден улам каза тапты. Бул тууралуу КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда саат 18:40 чамасында Б.А.Т. аттуу 39 жаштагы айдоочу GMC ACADIA үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкек шаарынын «Азия Молл» соода борборунун жанында Ч.Айтматов-Алтымышев көчөлөрдүн кесилишинде күн батыш багытта бара жатып, 3 жашар наристени сүзүп алган. Кыз жаракаттарынан улам каза тапкан.

Бул окуядан кийин кылмыш иши козголгон. Айдоочу кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button