Коом

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда балдар үчүн президенттик балаты майрамы өттү

Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда балдар үчүн президенттик балаты болуп өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана башка бир катар маданият ишмерлери катышты.

Майрамга өлкөнүн бардык аймагынан 1 миңден ашуун бала чакырылган, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Балдарга атайын даярдалган театрлаштырылган музыкалык жаңы жылдык спектакль көрсөтүлдү.

Өз каалоо-тилектерин видеоформатта белгилүү кыргызстандыктар айтышты.

Андан соң президент Садыр Жапаров майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда чоң ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады.

Иш-чаранын соңунда балдарга президент Садыр Жапаровдун атынан белектер тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button