Коом

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат

«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 5-6-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

  • Профсоюзная көч., П.Лумумба көч., Кубаныч көч., Кайназарова көч., Дэн Сяопин көч., Месарош көч., Ильменский пер.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз», — деп айтылат аталган кызмат тараткан маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button