Коом

Бишкекте Баткендеги чек ара жаңжалынан каза болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн, 23-декабрда КР Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында Мекен үчүн курман болгон баатырларды эскерүү иш-чарасы өтүп, анын алкагында сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Камила Талиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов жана шейит кеткен жоокерлердин ата-энелери катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов шейит кеткен баатырлардын эрдиктери ар дайым эскерилип, мектеп программаларына киргизилип, документалдык тасмаларга түшүрүү керектигин айтып, учурда сериал тартуу боюнча иштер башталганын кошумчалады.

«Мына, бүгүн кырчындай жаш балдарыбыздан, азаматтарыбыздан ажырап, аларды эстеп, сүрөттөрүн кармап отуруп калдык. Кыргыз баласы көч үстүндө төрөлүп, ат үстүндө өлөт экен. Душман каптап келсе, жада калса ак элечек энелерибиз алабакан менен качырышкан. Жоокерчилик заманда кыргызды душмандар жеңе албай, анан бири балдарына мындай аманат калтырыптыр: «Кыргыздын энелери алабакан кармап жоого бетме бет чыгышат, балдарынын бешигине бычак кошуп бөлөшөт, мындай калкты жеңүү мүмкүн эмес. Аларды жеңиш үчүн ичинен ирители, нарк-насилин, салт-санаасын жоготуп чирители. Бирине бирин мактайлы, бирине бирин жамандайлы — ыркын кетирип, ынтымагын жок кылып, жумурткадан кыр издетип, көралбастыгын күчөтөлү. Буларды ичинен иритип гана жеңбесек, күч менен чөгөлөтүү кыйын».

Ушундай татыктуу, улуу элдин баатыр балдары 20-кылымдагы Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин 21-кылымдын 2022-жылында кайталашты. Жамгырдай жааган октун алдында жатып «Мен чепте турам, коркпогула», — деп бизге салам-дубай айтып жатышты. Бирөөсү курчоодо калып, тегерегинде каптап келген душмандарды кошо жардырып, өзү менен о дүйнөгө ала кетти. Ошол жерде тырышып, ар бир укум жер үчүн канын төгүп, элге берген шертин, антын бузбай, так аткарып, ажалга тике карап кеткен азаматтарыбыз артындагы муунга үлгү болчу, дүйнөнү дүңгүрөткөн эрдик көрсөттү.

Баткендеги куралдуу кол салууда танк ичинде тирүүлөй күйүп кеткен балдарыбыздын Ата-Бейиттеги жаназасына катышып жаткан учурда Камчыбек Ташиев: «Бул балдарды сактап кала албай калдык, булар жашаш керек болчу. Мындай окуялар качан токтойт?!» — деп айтты. Журналист Нургазы Анаркулов: «Аке, мен бир тууганымдан ажырап калдым», — деди. Маркумдардын артында калган жакындары сүрөттөрүн кучактап отурушат. Энелер сүрөттүн ордуна балдарынын өзүн кучактап отурса болбойт беле?!. 

Менин оюмча, азаматтарыбыздын эрдиги күн сайын мектептерден айтылып, өсүп келаткан муунга сиңирилиши керек. Илгери биз мектепте баатырлардын таржымалын жаттап окуганбыз. Азыр Билим берүү министрлиги, Маданият министрлиги бул жаатта иштерди баштарды. Баатырларыбыздын төрөлгөнүнөн тартып эрдик жасаганга чейинки өмүрүн, бала чагын, ойногондорунан бери 1-класстан 8-класска чейинки окуучулардын программасына, Коом таануу, адабият, тарых сабактарына киргизүүбүз абзел. 

Баатырларыбызга арналып атайын эскерүү комплекси курулат. Өкмөттүн бул жаатта жасаган иштери жигердүү болууда. 30 жылда бүтпөгөн опурталдуу чек ара чатагын экинчи болтурбоого аракеттер байма бай жүргүзүлүп жатат. Чек ара менен чектешкен аймактардагы айылдардын ар биринде чек арачылардын үйлөрү, жатаканалары пайда болду. Аскерлерибиз курал-жарактар менен толук камсыздалды. Байрактар учкучсуз учактары алынды. Мамлекет башчыбыз бул жаатта саясий чечкиндүүлугүн көрсөтс, өкмөт мүчөлөрү аны так аткарышууда. 

Ушундай убакта бир муштумга түйүлгөн ынтымакта болуп, үрөй учурган коогалаңда кимдин урпагы экенибизди унутпайлы. 

Баатырлардын эрдиги дайыма эсте болот. Эң негизги нарк, идеология — баатырлардын эрдиги! Бул кылымдан кылымга баян болуп калышы керек! Алар бизди тынч жашасын, эртең менен жылмайып уйкудан ойгонушсун деп өмүрлөрүн беришти!» — деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button