Тагдыр

Жан дүйнө. Кайненем бизди ажыраштырууну каалайт. Эмне кылсам?

Редакциябызга дагы бир окурманыбыздан кат келди. Ал ичиндеги эзип жаткан ойлорун айтып, окурмандардан кеңеш күтөөрүн жазган.  

Атым Жибек 23 жаштамын. Турмушка чыкканыма 8 айдын жүзү болду. Айылда турабыз. Жолдошум райондун борборундагы вулканизацияда иштейт. Мен үй жумуштары менен үйдөмүн. Жолдошум экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле. Бирок ал «маменькин сыночек». Апасынын сөзүнөн чыга албайт, бир да жолу өз оюн айтканын уккан жокмун.. А кайненем болсо бизди ажыраштыра албай убара. Баласынын турмушу бузулса ага эмне пайда түшүнбөй койдум. Балким мен ага жакпайттырмын…  

Анда эмесе сөз башынан болсун. Күйөөм үйдүн жалгыз эркек баласы болгон үчүнбү же башка себеби барбы билбейм, айтор кайненем биздин жашообузга көп аралашат. Жок жерден уруштуруп жиберет.  Көп байкайм отурса-турса мени баласына жамандай берет. Анын сөзүнөн кийин  жолдошум мени жаман көрүп, жекире карап калат. Сүйлөсөм жооп бербей басып кетет. 

Кайненем мени аябай басынтат, ар бир баскан кадамымдан, жасаган ишимден кемчилик таап бетиме чаптай берет. Зиркилдеп дайыма характерин көрсөтүп,  таң атпай туруп идиштерди калдыраткан адаты бар. Кээде ал сыртта жүргөндө коркуп чыга албай бөлмөмдө отура берем. 

Бир күнү чачымды кестирип келейин деп кеткем. Көп деле жок болгон жокмун. 1 саатта кайтып келсем, кайненем эмне кечке жоголдуң, 20 минутта келмексиң, эсиң ооп каякта жүрөсүң, чачыңды өзүм эле кесип бермекмин деп кечке сүйлөндү. 

Күндө үй жыйнайм, ар бир чаңдын артынан жүрүп өзүмө убакыт таппайм. Кайненем менен кайнатамдын туугандары  тез-тез келип, мындай тамак жасай калчы, тиги тамакты жасап бере койчу деп жанымды коюшпайт. Кайнатама да түшкүсүн, эртең менен, кечкисин түрлөп тамак жасап берем. 

Жолдошум да мени аябайт. Бөлүнүп жашайлычы десем, мен үйдө калышым керек деп койду. Негизи жолжошум үйдүн улуусу, кичүү 3 карындашы бар. Ата-энеси деле жаш. Бүгүн жолдошум түштө обедге келгенде кайненемдин “Мунуңду кетир “ деп атканын угуп калдым. Колумдагы көтөрүп келаткан чайнегим жерге түшүп кетти.  

Эми эмне кылсам чыдап жашай берсемби же өздөрү кет дегенди күтпөй кетип калсамбы? Ортодо бизди кармаган балабыз деле жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button